У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү долбоорун ишке киргизүү боюнча ири IT бизнес ассоциациялар, мамлекеттик мекемелер жана агенттиктер менен меморандумдарга кол коюлду


 КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө даярдык көрүүнүн алкагында, КР БШК менен ири IT жана бизнес ассоциациялар, мамлекеттик мекемелер жана агенттиктер, санариптик долбоорлор жана башка кызыкдар уюмдардын ортосунда аймактарда биргелешкен билим берүүчү жана агартуучулук иштерди алып баруу боюнча келишимдерге жетишилди.
 
 Долбоордун санариптик билим берүү багытынын негизги максаты – жарандардын санариптик тейлөөлөрдү, электрондук кызматтарды колдонуу боюнча санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жакшыртуу жана заманбап санариптик технологияларга ишенимин жогорулатуу. Ошондой эле Кыргыз Республикасында ар түрдүү тармактарда санариптештирүүнү өнүктүрүүнү колдоо үчүн жаштарды IT чөйрөсүнө тартууну көздөйт.
 
Өлкө боюнча жайгаштырылган жана жабдылган 70 борбордун базасында ар кандай форматтагы биргелешкен окуу программаларын, конок лекцияларын, тегерек столдорду, санариптик лидерлер жана эксперттер менен жолугушууларды өткөрүү жана кызматташуу боюнча ниеттерин буга чейин төмөнкүлөр  билдиришкен:
 
Алдыңкы мамлекеттик орган – санарип билим берүү боюнча өнөктөш КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Персоналдуу маалыматтарды коргоо боюнча агеттик (жекече маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздук, кибертазалык);
IT компаниялардын КАРПОУ бирикмеси жана IT академиясы  (базалык ИТ компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүү программасы);
Жогорку технологиялар паркы (дата-аналитика боюнча окутуу программасы);
Электрондук соода ассоциациясы (санариптик сабаттуулук);
Digital Академиясы (популярдуу санарип кесиптерге санарип көндүмдөр боюнча базалык курс);
Кыргызстандын банктарынын союзу (санарип финансылык сабаттуулук);
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мамлекеттик санарип кызматтар жана сервистер);
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы (санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу жана электрондук кол тамганы ЖСБББда (жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда) каттоо менен электрондук тейлөөлөрдү ЭКТ коштоосу аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү менен);
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Digital CASA- КР» долбоору (базалык санариптик компетенттүүлүктөр, санарип эксперттердин тренингдери);
Креативдүү индустриялар ассоциациясы (санарип дизайн);
Jyldyz Academy (HackIT курсунун программасы жана Тимур Мон менен шыктандыруучу жолугушуулар);
Namba Group (Мобилдүү санарип технологиялар жана сервистер, Аман Тентиев менен шыктандыруучу жолугушуулар);   
КР Улуттук банкы (мектеп окуучулары, студенттер жана эл үчүн финансылык сабаттуулуктун негиздери, “Топтоо” ишкер оюну);
“Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондусу (чоңдор үчүн “Санарип 50+” санарип билим берүүнүн негиздери);
КР киберспорттук коомчулугу (шыктандыруучу лекциялар жана фестивалдарды өткөрүү).
«Альфа телеком» ЖАК (санарип мобилдүү сабаттуулук).

Долбоор санариптик жана жарандык билим берүү жагынан мамлекеттик, жеке секторлордун, донорлордун жана бизнес-коомчулуктардын жана бардык кызыкдар тараптардын ресурстарын жана күч-аракеттерин консолидациялоо үчүн туруктуу бириктирүүчү платформа максатында иштелип чыккан. Ошондой эле коммуникация аянтчасы (коворкинг) катары тегерек столдорду, ийгиликтүү лидерлер менен жолугушууларды, жаштардын дебат клубдарын өткөрүү жана аймактарда аялдардын лидерлигин жайылтууга да кызмат кылат.
 
Долбоор КР Президенти жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун мамлекеттик сектордогу негизги өнөктөштөрү - КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter