У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: "Убадаларды аткарганга аракет кылып жатабыз…"


Жогорку Кеӊештин депутаты Марлен Маматалиев учурда шайлоочулар менен жолугушуп, аймактарды кыдырууда. Ал Алай районундагы Үч-Төбө айылында болуп, футбол аянтчасын курууга бөлүнгөн жер менен таанышып, футбол аянтчасын курууга каражат бөлүнүп, курулуштун жүрүшү башталганы жатканын, Т.Жумабаев атындагы №15 орто мектептин курулушу аяктап калганын, мектеп 2022-жылдын 1-ноябрында ачыла турганын билдирди.

Ошондой эле, «Кичи-Каракол айылындагы жолдун курулушу башталды, булакка чейин узундугу 1 км болот. Жол бүткөндөн кийин айылга ичүүчү таза суу киргизилет. Фельдшердик-акушердик пунктун эффективдүү иштеши үчүн кошумча штаттык бирдик бөлүндү. Ошондой эле жакын арада жаңы жабдуулар алынып келинет. Азыркы имарат авариялык абалда болгондуктан айыл өкмөткө жаңы имарат куруу пландалып жатат»,-деди ал.  

Мындан сырткары Маданият айылындагы жакын арада чечиле турган маанилүү жана курч маселелерди карап чыгышканын, аталган айылда ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлө турганын, жаңы фельдшердик-акушердик пункт куруу зарылчылыгы бар экенин, анын да курулушу пландалып жатканын, балдар үчүн футбол аянтчасы, айылга медресе курула турганын кошумчалады. 

Ырасында, Марлен мырза элге берген убадаларын ишке ашырып, тынымсыз иштеп жаткан саналуу эл өкүлүдөрүнүн сап башында турат. 
Депутат Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы – 700 м, Сокулуктагы - 3 км (1.5 курулду), Алай району, Үч-Төбө айыл аймагындагы - 1 км (курулуу процесси башталууда), Жаңы-Алай айыл өкмөтү - 1 км (курулуу процесси башталууда), Базар-Коргон району - 5 км (курулуу процесси башталууда) жолдорунун курулушуна салым кошууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter