У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дагы бир холдинг түзүлөт. Ага «Кыргызалтын», “Кыргызнефтегаз”, «Манас» аэропорту жана бир катар банктар кирет


 Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Аманат» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу журналисттерге Маммүлктүн жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.
 
Анын айтымында, холдингге бир нече ири акционердик коомдор кирет.
 
Ал кошумчалагандай, «Аманатты» Маммүлктүн алкагында түзүү пландаштырылууда, анын курамына 16 ачык акционердик коом, анын ичинде «Кыргызалтын», «Кыргызнефтегаз», «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому, айрым банктар жана башка ишканалар кирет.
 
Мирлан Бакиров белгилегендей, бул холдинг мурда түзүлгөндөрдөн өзгөчөлөнөт. «Аманат» долбоорун ири жана кирешелүү компаниялардын базасында ачык акционердик коом түрүндө ишке ашыруу пландалууда.
 
Ал бул улуттук холдингдин уставдык капиталын 100 миллион сомго баалайт.
 
Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин айтымында, «Аманаттын» негизги милдеттеринин бири – мамлекеттин катышуусу менен жергиликтүү компаниялардын эл аралык валюта рынокторуна чыгуусу.
 
Демилге азырынча министрлер кабинетинде каралып жатат.
 
Буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги түзүлгөн. Аны Теңиз Бөлтүрүк жетектейт.


Пикир калтыруу
  • Ulhxpj
  • 26-11-2022, 02:51
  • : 02:51
    • Нравится
    • 0
levaquin 500mg oral levofloxacin 250mg cost
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter