У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Мадумаровго Кудай тилди бериптир, көрөгөчтүктү, даанышмандыкты, уюштуруучулук касиетти бербей коюптур»



- Эми Мадумаров жөнүндө жооп берсем. Анын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койсоңуздар болот. Ал жарыктык киши 30 жылдан бери саясатта жүрөт. Эл үчүн көзгө көрүнөрлүк бир дагы алгылыктуу иши жок. Кудай тилди бериптир, көрөгөчтүктү, даанышмандыкты, уюштуруучулук касиетти бербей коюптур.

Чындыгын айтсам, өзү 2005-жылдардан кийин 1-вице-премьер болду, спикер болду, андан кийин өлкөнүн эң негизги идеологу болгон мамлекеттик катчы болду. Дал ошол мезгилде казинолор жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып берип, казинолор иштей баштаган. Дал ошол мезгилде ажырашуулар, банкрот болгон жарандарыбыз көп болгон. Биз азыр андайга жол бербейбиз. Баарын ойлонуштуруп койдук. Ошон үчүн биздин жарандарга мыйзам чегинде кирүүгө тыюу салдык. Күчүбүз жетет. Анан эле ошол мезгилде өзү өткөрүп берген казиного ошол кезде каршы болбостон, бүгүн эле ыймандуу, өтө ынсаптуу «таза» адам болуп, акыл үйрөтүп чыга келгени таң калтырат. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албагандар мага акыл үйрөтпөй эле койсун.

Мадумаровго мамлекеттин экономикасы кыйрап калса дагы баары бир. Ал киши бүгүнкү каршы чыгып жаткан электоратты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыктарына тартуу максатында иштеп жатат. Мен анын мындай кылыктарына көңүл бурбай калгам.

Сөзүм куру болбос үчүн бир-эки мисал келтире кетейин. Адахан Кимсанбаевич мындан бир нече жылдар мурда “Өлкөгө президенттик башкаруу керек. Какканда кийиз казык жерге кириш керек” деп келген. Кайсы бир журналисттин "Садыр Жапаров бийлик башына татыктуубу?" деген суроосуна "азыркы белгилүү саясатчылардын бешөөнү бириктирсең, Садыр Жапаровго тең келе алышпайт. Татыктуу" деп жооп берген учурлары болгон. Ал учурда мен камакта жаткам. Бул баары бир чыкпайт, электоратын өзүмө бура берейин деп ойлосо керек?

Кудайдын буйругу менен чыгып келип, кийин президенттик башкаруу орнотсок, «президенттик башкаруу мамлекетти талкалайт, болбойт» деп кокуйлап чыкты. Мен бийлик башына келсем, “сабатсыз, жарабайт” деп чыкты. Кыскасы, өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт. Сакайып кетсе, жакшы болмок. Өзүнө да, элге да пайдасы тиймек.

Ал мурда бийлик бутактарында турганда кетирген каталарын азыр биз оңдоп келе жатабыз. Бул жөнүндө кийинчерээк айтам.

Булак "Кабар" маектешкен Медер Шерметалиев


Пикир калтыруу
เว็บตรงสล็อตออนไลน์PGSLOT ที่สุดของค่าย Slot Online มาพร้อมรูปแบบและก็กรรมวิธีเล่นที่ง่าย ภาพกราฟิกสวยงามสมจริงสมจัง เอฟเฟคเสียงที่น่าตื่นเต้น สามารถล่อใจผู้เล่นให้หลงไหลไปกับ GAME พีจีสล็อต ได้อย่างแท้จริง ไม่ต้องมาวิตกกังวลเรื่องเงินทุน ด้วยเหตุว่าเปิดให้บริการ ฝากถอนอัตโนมัติ Promotion ต่างๆมากมาย ทั้งสมาชิกเก่าและสมาชิกใหม่ มาพร้อมสล็อตเครดิตฟรี ให้ร่วมสนุกกับ DEMO SLOT ได้ตลอด 24ชม. โบนัสแตกหนัก แตกบ่อย ประกันเรื่องความปลอดภัย และมั่นคง เล่นได้จ่ายจริง 100% สามารถร่วมสนุกกับ สล็อต PG ได้อย่างไร้กังวลใจ สล็อต PG เว็บตรงแตกง่าย ได้ถูกเก็บสะสมไว้ที่เว็บไซต์พนันของพวกเรา ทุนเพียงแค่หลัก100 ก็สามารถทำกำไรได้ถึงหลักพันหลักหมื่นกันเลย เว็บตรง พีจีสล็อตแตกง่าย จะช่วยเปิดประสบการณ์ใหม่ ของการเล่นสล็อตออนไลน์ ที่คุณไม่เคยได้รับจากที่ไหนมาก่อนอย่างแน่ๆ PGSLOT เว็บตรงแตกง่าย เปิดให้บริการสมาชิกทุกท่านแล้ววันนี้ตลอด 24 ชั่วโมง สล็อตแตกหนัก 2021
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter