У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Касым-Жомарт Токаев Аскар Акаевди кабыл алды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-июнда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кабыл алды. Бул маалыматты Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков "Азаттыкка" бышыктады. Анын айтымында Кыргызстандын мурдагы президенти Алматы шаарында үч күн болгон жана андан ары Нур-Султанга кеткен.

Акордо бул жолугушуу тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Айрым маалымат агенттиктери Токаевдин Акаев жана анын жубайы менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Акаев Алматыдагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде 19-июнда "Байыркы мезгилден берки демографиялык көрсөткүчтөр жана адамзаттын келечеги"деген аталыштагы дарс окуган. Андан кийин "Азаттыктын" кабарчысынын Казакстандагы Январь окуялары тууралуу суроосуна жооп берип жатып ондогон адамдын өмүрүн алган тоз-тополоңду "калктын өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүү аракети" катары сыпаттаган. Ошондой эле "жетекчилер артта калса, эл нааразылыкка чыгат. Менин оюмча, бул референдумга жеткирген тарыхый окуяны жаратты",-деп айткан.

 77 жаштагы Акаев былтыр 16 жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу Кыргызстанга келип, Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында эки жолу сурак берип кеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter