У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тенгиз Бөлтүрүккө эскертүү жетпейт, эӊ кур дегенде сөгүш берсеӊер болмок…


Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин жетектеген Тенгиз Бөлтүрүк мамлекеттин каражатын максатсыз пайдаланып, кымбат баадагы кеңсени ижарага алганын сынга алган эле.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчылары менен кеңешпей туруп, Тенгиз Бөлтүрүк өзү билип жаңы кеңсеге көчкөнүн айткан. Буга байланыштуу эскертүү берилгенин билдирген.

Бул жагдай коомдо катуу талкууга алынып, бийликтин дарегине нааразычылык, ачуу пикирлер айтылган.

Ушундан соӊ, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз катчысы Назира Ахмедова Кумтөр кенинен түшкөн каражат "негизсиз пайдаланып жатат" деген сөздөрдү четке каккан билдирүү таратты. Кыскасы, былжырай бербегиле дегенди кыйытты.
 
Эл арасында болсо, Бөлтүрүккө эскертүү берип чектелген көрүнүш, карга карганын көзүн чокубайт дегенди билдире турганын, эӊ кур дегенде иштен албаса дагы, душман көзүнө болсо да сөгүш берип койсо болмок деп каӊырык түтөткөндөр арбын. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter