У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Марлен Маматалиев депутаттык милдетин мыкты аткарып жатат!..


Азыркы кезде Жогорку Кеӊештин дарегине коомчулук тарабынан ачуу сындар айтылып, депутаттардын ишмердүүлүгүнө ичи чыкпай нааразы болгондор арбыды. Мындан улам, 90 депутаттын арасынан саналуу гана эл өкүлдөрүнө карата жылуу пикир айтылбаса, көпчүлүгү сындан баштары чыга элек. 

Ырасында, Жогорку Кеӊештин милдеттерин так билип, өзүнүн укуктарын мыкты түшүнүп, мыйзам жазып, демилге көтөрүп элдин купулуна толгон депутаттар саналуу. 

Мына ошондой депутаттардын катарын учурда Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Мирлан Самыйкожо, Султанбай Айжигитов, Медер Алиев сыяктуу аз гана эл өкүлдөрү толуктайт. Санасаӊ беш манжаӊ жумулбайт калат. 

Мына бүгүнкү күндө, 7-чакрылыштын депутаттарына 7 айдын жүзү болуптур. Дээрлик көбү бир мыйзам жазып, демилге кыла элек экен. Депутаттын бирден-бир милдети мыйзам жазып, калкка ыӊгайлуу, жагымдуу шарт түзүү болгонун эске алсак, жалгыз Марлен Маматалиев жигердүү эмгектенип жатканын билүүгө болот.

Дегенибиз, ЖКнын аппаратынан алынган маалыматка таянсак, Марлен мырза 7 айда өз алдынча төрт мыйзам жазып өткөрүп, депутаттык милдеттин үлгүсүн көрсөттү. Калганы министрлер менен айтышып, президентке кошомат кылганын эрдик көрүп, кургак саясаттын добулбасын катуу кагып, популисттик деӊгээлден арыла элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter