У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын кылыгы жана коомчулуктун сыны…



"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Донбасска гуманитардык жардам жибергени өлкөнүн эгемен саясатына доо кетирген аракет катары коомчулукта катуу сынга алынууда.

Орусиялык медиада "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активисттери Москванын Украинадагы атайын операциясын колдоп, Донбасска жардам көрсөткөнү тууралуу кабар чыккан. Саясий чөйрө Жогорку Кеңешке кирген бул партиянын кадамы Кыргызстандын калыс макамына шек келтирип, эл аралык аброюна көлөкө түшүргөнүн талкуулап жатат. УКМК партиянын бул кадамы кыргыз элинин жана расмий Бишкектин саясий позициясына каршы келет деген билдирүү таратты.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү Эмилбек Жайчиев Орусиядагы мекендештерден чогулган акчага 300 тоннадай азык-түлүк алынганын, кайрымдуулук акциясы дагы улантыларын билдирген.

Бул жагдай Кыргызстанда ар өӊүттө кызуу талданып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун дарегине карата ачуу сындар айтылууда. Башкача айтканда, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Россияга жагынып саясий упай топтоону көздөгөн аракети мамлекеттин беделине жана эгемендигине доо кетиргенге барабар экени айтылууда.

Ал эми russkie.org сайтында “Донбасска гуманитардык жардам ар түрдүү улуттарды бириктирди” деген макала жарыяланып, Кыргызстандын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Орусиянын Украинадагы "атайын аскердик операциясын" колдоп, Донбасстын жашоочуларына гуманитардык жардам чогултканы жазылган. Ошондой эле, партиянын активисти Динара Чолпонова "карапайым эл Путин бизди – Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алып кетсин. Анткени орус президенти өз элине кам көрөт. Анан калса Орусияда орустар гана эмес, ошол эле сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттар – баары тынч жашайт, анткени бул алардын өз үйү" деген пикирин айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter