У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


САДЫР ЖАПАРОВГО ИМПИЧМЕНТ



Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

КАЙРЫЛУУ

2022-жылдын 3-июнунда сот отурумунда айыпталуучу Мелис Аспеков азыркы президент Садыр Жапаров өзүнүн шайлоо өнөктүгүндө коррупциялык жол менен тапкан акча каражаттарын колдонгону тууралуу маалыматты жарыялады.

М. Аспеков С. Жапаров экс-президент Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганын, анын 1 миллионун Аспеков жетектеген Чүй облусунун шайлоо штабына бөлүп бергенин айтууда. Сөзүн далилдөө үчүн Аспеков коомчулукка паспорттордун көчүрмөлөрүн жана үгүт иштерине катышкан адамдардын ири суммадагы акчалары алгандыгын далилдеген кол каттарын көрсөткөн.

Аспековдун айтымында, Жапаров «ага Жээнбековдордон 10 миллион доллар алганын ачык айткан. Ар бир облуска 1 миллион доллардан коротушкан, Ысык-Көл облусуна гана Жапаров кичи мекенинде утулуп калуудан корккондуктан 2 миллион доллар коротушкан. Бишкек менен Ошко 1 миллион доллардан бөлүнгөн”.

Аспековдон тышкары активист Асхат Осмонов дагы Садыр Жапаров Н.Түлеевден 3 миллион доллар алганын ачык билдирди.
Аспеков менен Осмонов Жапаровду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 
• 197-беренесинде каралган «Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузуу» шайлоодо белгилүү бир натыйжага жетүү үчүн шайлоо жана референдум фонддорун которулбаган ири өлчөмдөгү акчаны коротуу; ири өлчөмдө шайлоолорго түздөн-түз байланыштуу жана белгилүү бир натыйжа алууга багытталган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү тийиштүү фонддон төлөбөө; жашыруун адамдар аркылуу , мыйзам тыю салган ири өлчөмдөгү каражаттарды шайлоого кайрымдуулук кылуу; 
• 198-беренесинин “шайлоо же референдумду өткөрүүдө акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу” шайлоо фондуна кирбеген ири өлчөмдөгү финансылык же материалдык каражаттарды пайдалануу сыяктуу оор кылмыштарга айыпташты.
Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун аракеттеринде, Аспековдун айтымында, коррупциянын, опузалоонун жана пара алуунун белгилери бар.

Садыр Жапаровдун дарегине анын жакын чөйрөсүндө жүргөн, ишенимине ээ болгон адамдар тарабынан өтө оор айыптар коюлду.
Президент С.Жапаров кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан иммунитетке ээ, бирок, бул анын жазаланууга жатпайт жана каалаган кылмыш жасай берет дегенди билдирбейт.

Мындай жагдайлар боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинде импичмент процедурасы каралган. Ушул берененин негизинде биз депутаттардан импичмент процедурасын козгоону жана Аспеков менен Осмонов айткан фактыларды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү талап кылабыз.

Биз укук коргоо органдарына ишенбейбиз, алардын баары Жапаровдун карамагында. Атайын комиссиянын курамына депутаттардан тышкары Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочулар, юристтер кириши керек. Комиссияны түзүүгө Жогорку Кеңештин жетекчилиги ар тараптан тоскоол болоорун түшүнүп, биз өзгөчө парламенттик оппозицияга кайрылабыз.

Мындан тышкары, М. Аспеков өмүрүнө кол салуу болгондугун билдирүүдө жана бул маалымат дагы текшерүүнү талап кылат.
Мелис Аспековдун өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралып жатканы көрүнүп турат. Чындык аныкталганга чейин анын коопсуздугу Кыргыз Республикасынын «Жазык процессинин катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык камсыз кылынууга тийиш.

14.06.2022ж депутаттарга кайрылуу жасадым.
Спикер: Мамытовго жана фракциялардын жетекчилерине жана бир мандаттуу менен шайланып келген депуттаттарга. Шайлообек Атазов, Тазабек Икрамов, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев, Султанбай
Айжигитовторго. 

Арсен Бекмырзаев
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter