У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россиянын чек арачыларына Бишкектен 25 сотых жер 49 жылга ижарага берилет


Кыргызстан Россияга Бишкектен 25 сотыхка жакын жерди 49 жылга ижарага бергени жатат. Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууну парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 13-июндагы жыйынында колдоду.

Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакировдун маалыматына караганда, Бишкектин Жибек Жолу жана Керимбеков көчөсүндө жайгашкан эки жер тилкеси “Глобал Инвест” ачык акционердик коомунуку. Ага Орусиянын чек ара кызматкерлерине турак жай жана башка имараттар курулган жана мүлктү Орусия жеке тараптардан сатып алган. Орусия эми аны мыйзамдаштырууну суранып жатат.

“Алар жеке тарап менен келишим түзүп мүлктү алып атат. Кыргызстан аны Кадастрдан каттап, жерге мамлекеттик макам берет. Ал жердеги мүлктү жеке менчикке, ал эми жерди көп жылдык пайдаланууга алуу милдеттенмесин алып жатат”, - деди Бакиров.

Мирлан Бакировдун айтымында, 1999-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы чек ара кызматташуусу боюнча макулдашуу кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстан орус чек арачыларына турак жай үчүн Новопокровкадан имарат берген. Бирок ал жердеги имаратта шарт жок болгондуктан, Орусиянын чек ара кызматкерлери Жибек-Жолу жана Керимбеков көчөсүндөгү эки имаратты алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында башка мамлекеттин аскерлерине Кыргызстандан мүлктү менчикке берүү кооптуу экенин айтты.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter