У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Калыс адам катары талтайсаӊыз, эл кошоматчы деп түшүнүп алдыбы?

Жогорку Кеӊештин депутаты Балбак Түлөбаевге оӊтойсуз суроолор?..

- Балбак Зарылыкович, талтайган кандай экен? Калыс киши талтаят бекен? Же коркок, өз ой-пикири жок, шамал кайдан соксо ошол жакка жалп эткен кошоматчы талтаябы? Өткөн Жогорку Кеӊештин жыйынында сиз кошоматчы эмес, калыс адам катары талтайдыӊыз да туурабы? Аны көпчүлүк түшүнбөй, кошоматчы деп кабыл алышты да, чынбы?
 
Камчыбек Ташиев талтайба дегенде, ийниӊиз сүлкүлдөп кеткени эмнеси? Талтайган бутуӊуз титирегенде, толкун ийниӊизге чейин чыктыбы? Өзүӊүз «мени эл кошоматчы деп кабыл алып калышты» дегениӊиз, өзгөчө сапатыӊызды моюнга алганыӊыз да, чынбы? Эмнеге кошоматчылыкты, «пахта» койгонду жакшы көрөсүз? Бул касиет кан менен бүтөбү? Болбосо, канча жашыӊыздан кошоматчылыкты өздөштүрдүӊүз?
 
Бакиев, Жээнбеков, Жапаровго коюлган «пахталардын» калыӊдыгы канча болду? Сизди кошоматчылардын «эталону» деп сыпаттап жатышат. Сыймыктанасызбы? Кошматчы деген сөздү укканда кандай сезимге бөлөнөсүз? 

Суроо салган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter