У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Саламаттыкты сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарат


Саламаттык сактоо министринин орун басары жана министрдин милдетин аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындаларын “Азаттыкка” 4-июнда жеке булактар кабарлашты.

49 жаштагы Касымбеков Медицина академиясын 1996-жылы аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон.

2020-жылкы парламенттик шайлоого “Чоң казат” партиясынын тизмесинде тогузунчу болуп катышкан. Ага чейин ал ар кыл саясий кыймылдарга катышып жүргөнү менен белгилүү. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо жагдайларын иликтеген Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында болгон, бирок анын бүтүмү менен макул эмес экенин айтып, чыгып кеткен.

2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого Касымбеков "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери катары катышкан, бирок ага мандат тийген эмес.

4-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилишти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter