У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мелис Аспеков: «Тамак-ашыма бир нерселерди кошуп, канымды коюлтуп, өлтүргөнгө аракет кылышты»


Бул туурасында  3-июнда Мелис Аспеков Бишкек шаардык сотунда билдирди.

- Бир жыл мурун, мени КР УКМК тергөө абагында кармап турган учурда, мен кат аркылуу коомчулукка кайрылуу кылдым эле. Ал кайрылуумда - "Садыр Жапаров өзүнүн президенттик шайлоосунда Сооронбай менен Асылбек Жээнбековдордон 10 млн. $ алып, ошол себептен аларды камай албайт”, деп билдиргем.

Жактоочум аркылуу, мени колдоо алган жаңы түзүлгөн штабтын балдарына жибергем. Ал кат дароо балдардын колуна тийген соң, алар эң биринчи менин Фэйсбук баракчама жүктөп, аны бөлүшөт (логин жана пароль алдын ала аларга берилген болчу).
Коомчулукта бул окуя албетте чоң резонанс жаратат. Эл журт көптөгөн комментарий жазышып, чыгарылган бул постту бөлүшүп баштайт. Кызыгы 5 саатка жетпей миңдеген комментарийлери жана миңге жакын бөлүшүүгө жеткенде ал макала жалданма хакерлер тарабынан өчүрүлөт. Балдардын айтымында, баракчама хакердик чабуул болуп, белгисиз бирөөлөр кирип, постту өчүрөт. Бир заматта, миңдей адам бөлүшкөн маалымат жок болуп кетти. Бирок бир топ ММК өкүлдөрү, өздөрүнүн сайттарына жана ютуб каналдарына чыгарганга үлгүрдү. Белгилүү журналист Болот Темиров иликтөө жүргүзүп, мен чыгарган маалымат, анын ичиндеги кол каттар анык экенин тастыктап, бул чындык деп чыкты. Тилекке каршы, карапайым калк бир аптадай чурулдап эле калып кетти. Бир гана Клара Сооронкулова айым, - “Мелис Аспеков айтканы, толугу менен Садыр Жапаровго импичмент жарыя кылганы ачык прецедент” деп айтып чыкты.

Менин максатым, кыргыз элине Садыр Жапаровдун чыныгы паракор жүзүн көрсөттүү жана шайлоого кайдан каражат алганын, шайланып келгени канчалык мыйзамдуу боюнча маселе көтөрүү болчу.

ИИМ ошол аптада, менин билдирүүм боюнча кылмыш ишин козгоп, кол каттарды жазып, менден миллиондогон сомдорду алган адамдарды суракка чакырышты. Аларды алдын ала коркутуп-үркүтүп, жасалма көрсөтмөлөрдү алып, кылмыш ишин жабып салды. Тергөө калыс жүргөндө, мени менен Садыр Жапаровду бетме-бет отургузуп сураш керек эле. Албетте андай болмок эмес, тескерисинче мен ушундай чуулгандуу билдирүү жарыя кылган соң, мага эки күндөн кийин, дагы бир кылмыш ишин токуп, тээ 6 жыл мурун бир батир алгансың, ошонун бир тыйын төлөгөн эмес экенсиң деп, шылтоо кылып, дагы бир иш козгоп, “СИЗО 1” которушту.

“СИЗО1” тамак-ашыма бир нерселерди кошуп, канымды коюлтуп, өлтүргөнү аракет кылышты. Жыйынтыгында жүрөгүмдөн инфаркт алдым. Өлүм калмак экенмин, эгерде ошол жерде бир ГСИН кызматкери тез жардам чакырбаганда, ал учурда мен жыгылып жерге жатып калган элем. Көрсө инфаркт менен 2 күн жүрүптүрмүн, 2 күн жалдырадым, жүрөгүм кысылып ооруп жатат, тез жардам чакыргылачы деп, чакырбай коюшту. Тез жардам келип, жаш медайым коркуп кетти - "азыр бул өлүп калышы ыктымал, бизди эмнеге мынча кеч чакырдыңар”, деп сурады. Мени реанимацияга алып кеткенден кийин, УКМК кызматкерлери тез жардам чакырган кызматкер бала менен мени болбой реанимацияга алып кеткен жаш медайымды суракка алып, аларга орой мамиледе, эмнеге Аспековду реанимацияга алып чыктыңар деп, кол кат жаздырып ит эле кылышыптыр, медайым акырында, кыска отпуск алып көлгө качып кетиптир.
Шайлоого жумшалган каражаттар боюнча ойду улантсам. Мен жалган айтсам, мени сотко бербейт беле Жээнбековдор, бир жыл өттү кана сотко бергени? Мен жалган айтсам, Садыр Жапаров бул маалымат тарап кеткенден кийин, - жок мен тазамын, эч кимден чоң каражат алган эмесмин деп айткан жок, себеби сүйлөгөнү жалган болмок. Сооронбай Жээнбековдон албаса, анда эмнеге аны элди аттырган үчүн Садыр жоопкерчиликке тартпайт. Мен бир жыл мурун эле айткам, жоопкерчиликке тартмак турсун сүйлөй албайт аларга, деп. Анткени Садыр Жапаров, алардан 10 млн. доллар сугунуп койгон. Арзыбек Бурканов аркылуу Бакиевдерден да очойто алган.

Азыр мени өлтүрүп эле коюшпаса, деле мен толугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Башкы прокуратура, Укук коргоо органдарына, Эл аралык укук коргоо уюмдарына, кайдыгер эмес коомдук-саясий уюмдарга жана саясий партияларга факт түрүндө көрсөтмөлөрдү берип баарын тастыктап бере алам.

Сөзүмдүн жыйынтыгында:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына,
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна,
Кыргызстандагы Эл аралык адам укуктарын коргоо уюмдарына,
Кыргызстандын баардык коомдук-саясий уюмдарга жана саясий партияларга,
Кыргызстандын массалык-маалымат каражаттарына, жана кайдыгер эмес активдүү жарандарга ачык кайралам, президент Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 73 беренесинде ылайык мыйзамсыз ээлеген кызматынан бошотуп жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.

Урматтоо менен, саясий туткун Мелис Аспеков.
 
Мамлекет башчы Садыр Жапаров камакта отурган мурдагы тарапташы Мелис Аспековдун айыптоосун четке кагып, экс-президент Сооронбай Жээнбековдон акча албаганын билдирди. Президент “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Аспековду "менин атымдан акча чогулткан" деп айыптады.

Ал бул боюнча: “Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин бир миллион доллар алмак түгүл, бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат”, - деп жооп берди.

Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган. 2022-жылы март айында Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кескен. Мунун алдында Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Азыр соттук процесс экинчи инстанцияда, башкача айтканда Бишкек шаардык сотунда жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter