У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖК депутаты Гүлкан Молдобекованын жолдошу Мирбек Асанакунов коррупцияга шектелип кармалды…


УКМК Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилерин кармады.  
«УКМКга Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (КПФ) ишмердигинде коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Чогултулган материалдын жана Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

 Анын жүрүшүндө КПФнын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакунов 5 миллион 756 миң 700 сомдук мүлктү өзүнө ыйгарып алганы такталган. Ошондой эле баюу максатында кыймылсыз мүлк жана акча каражаттарын мыйзамсыз пайдаланган. Мындан тышкары, КПФнын төрагалыгына шайлануу максатында коюлган талаптарга жооп берүү үчүн эмгек китепчесин жасалмалаган. Анын үйүнүн жер төлөсүн тинтүү учурунда майнинг жабдыктары табылган, анын мыйзамдуулугу да текшерилет», - деп айтылат маалыматта. 
Чогултулган далилдердин негизинде Мирбек Асанакунов жана анын орун басары В.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Акыркы беш жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясында бийлик талаш токтобой келет. Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында иштен кеткен.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат. Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter