У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Роза Отунбаева прокуратурага суракка чакыртылды


Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Башкы прокуратурада суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди.

Кеп 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө болуп жатат. Роза Отунбаеванын экс-президент макамы бар экени белгиленген. Конституцияга ылайык, анын кол тийбестиги бар, ал аны суракка чакырууга жол берилбейт. Отунбаеваны “экс” макамынан парламент гана ажырата алат.

Буга чейин Башкы прокуратура Кадастрдан Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрүнүн мүлкүн камакка алуу, балким конфискациялоо максатында маалымат сураган. Алардын арасында Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Кеңешбек Дүйшебаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов жана башкалар бар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter