У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жылдыз Жолдошова, саясатчы: «Алмазбек Атамбаевге ооруканадан жолуктум. Ырымдап ушул көйнөгүмү кийип бардым»


Камчы Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор өз мезгилинде баштарынан мыйзамсыз, адилетсиз, акыйкатсыз, оор күндөрдү өткөрүшкөн.

Ошондо мен ушул сары көйнөгүмү (сары түс ден-соолуктун, эркиндиктин белгиси) кийип, ырымдап Коопсуздук комитетинин СИЗОсунда жаткан коллегаларыма байма-бай барып "духтарын" көтөрүп чыкчуумун. Кийин, ар бир сот жыйынына катышып "коргоого" алуу менен, эркиндикке чыкса экен деп... жараткандан тилейт элем жана аёосуз көптөгөн жылдар заказ аткарган соттор менен күрөшүп келдим.

Бүгүн, экс-президент Алмазбек Атамбаевтин ден соолугун сурап, ооруканадан жолуктум. Ырымдап ушул көйнөгүмү кийип бардым. 
Аз убакыттын ичинде көп нерсени сүйлөшө алдык... Кетирген кемчиликтерден баштап, ийгиликтер жөнүндө да...

Мен, Алмазбек Шаршеновичке жолукканымдын эки себеби бар:
- Биринчиси, 2010-жылдан 2015-жылга дейри, болгондо да өтө оор жылдары бирге иштедик. Саясатчы катары, көптөгөн талаш-тартыш, кээде келишпестиктер орун алды... Бирок ошого карабастан апрель-июнь окуяларынан кийин мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин ынтымагын сактай алдык.

- Экинчи себеп, менин камалган коллегаларым С. Жапаров, К. Ташиев, Т. Мамытов, Н. Тюлеев, А. Келдибеков ж.б. ооруп калышса, ооруканага чыгарып берүүсүн суранып киргенимде, Алмазбек Шаршенович эч качан "жок" дебейт эле. Күч органдары үйлөрүн адилетсиз конфискациялап жатышканда, дагы кирип айтсаң угуп, ата-энелеринин үйлөрүнө тийгизчү эмес. Керек болсо, орчундуу бизнестерине да кол салууга бөгөт коюп койгон эле. Бул да чындык, жеке өзүм күбө болдум.

Калыстык үчүн, болгон чындыктарды урматтуу мекендештер сиздерге учкай айтып койдум. Алмазбек Шаршеновичке ден-соолук жана адилеттүү, мыйзам ченеминде акыйкаттуулукту каалап кетем.

P.S. Сиздер билбеген менде орчундуу маалыматтар бар... Ошондуктан терс комментарий жазуудан кармансаңар, урматтуу ФБ дагы достор. Фейктерге да эскерте кетейин, адамдын аброюна шек келтирген сөздөр өчүрүлөт. Деги эле фейктер, жаман көрүнүштү жыйнаштырып койсоңор жакшы болмок.

Жылдыз айымдын фейсбук баракчасына билдирген пикирин өзгөртүүсүз бердик…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter