У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди "Манас" эл аралык аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери менен жолугушуулар өтөт.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.

Токаев 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Бишкектеги жыйын видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

 Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter