У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ишкерлерди коркутуп акчаларын алып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


   УКМК 2022-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуулукту аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, акча каражаттарын опузалап талап кылып алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 1990-жылы туулган Б.К.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы маалымдады. 
     
Маалым болгондой, ушул жылдын 20-мартында К.А.А. аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атынан "А.Д.", "А.М.", "М.М." жана "К.Б." аттуу адамдар Казакстан Республикасынын жараны Е.Д.А. аттуу жеке ишкерге таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын күч колдонуп алып кетем деп коркутуп кайра каттоого мажбурлашкан.
    
 Мындан тышкары, жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Е.Д.А. аттуу ишкерден 20 000 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ар кандай жол менен коркутуп жүрүшкөн.
     
КР УКМКнын тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгң, тагырагы 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.К.Н. кармалды. 
     
 Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, кармалган адам КР     УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter