У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси кармалды


 Бишкекте Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалым болгондой, бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеӊешчиси 28 жаштагы Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталды.
 
«Кармалган жаран мындан аркы тергөө амалдарын уюштуруу үчүн Каракол шаарына жеткирилди. Буга чейин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат министрликтин маалыматында.
 
Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев кеңешчиси УКМКнын кызматкерлери тарабынан суракка алынганын билдирген. УКМКнын кызматкерлери кеӊешчисин суракка алганда коркутканын, ал коркуп үйүнөн чыга албай жатканын айткан.
 
Бир күн мурун Алымкадыр Бейшеналиевдин үч орун басары жана мекеменин кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрине каршы билдирүү жасашкан. Алардын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиев негизсиз кадр саясатын жүргүзүп жатат. Тактап айтканда, Мээрим Тилекова Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катчысы болуп ишке кирген. Апрель айында ал кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, эртеси министрдин кеңешчиси болуп дайындалган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter