У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ Тажикстанга «Puma» учкучсуз учуучу учактарды берет


 Вашингтон Тажикстанга жакынкы эки жылда коопсуздукту камсыздоо үчүн 60 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм 10-майда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдиргенин «rus.ozodlik.org» маалымдады. 
 
«Бул жардамдын алкагында АКШ өкмөтү Тажикстанга чек ара аймактарында өлкөнүн аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн “Пума” чалгындоочу учкучсуз учактарды берет. 20 миллион долларлык келишимдин чоо-жайын учурда тараптар сүйлөшүп жатат», -деп билдирген элчи. 
 
Поммершайм Тажикстан үчүн Ооганстандын түндүк бөлүгүндө жайгашкан террордук топтордун коркунучу бар экенин билдирди. Ошол эле маалда элчи АКШнын Тажикстан аймагында аскердик база ачуу ниети жок экенин белгиледи.
 
«АКШ тажик-ооган чек арасына чек ара бекеттерин, ошондой эле Ооганстан менен чек араны кайтарган 900 чек арачыга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек ара отрядын куруп берүүнү пландап жатат», — деп кошумчалады Поммершайм.
 
АКШнын Тажикстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын маалымат жыйыны Тажикстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналды. Жон Марк Поммершайм эки өлкөнүн ортосундагы бекем өнөктөштүк тууралуу айтып, отуз жылдан бери АКШ Тажикстанга жүз миллиондогон доллар бөлгөнүн белгиледи. Элчинин айтымында, 2022-жылы Вашингтон Тажикстан үчүн "номер биринчи донор" болуп калат.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter