У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги «Газпромдун» мектебин «Газпром- Кыргызстан» ишканасына бекер пайдаланууга берүү сунушталууда…


Министрлер кабинети Бишкектеги мектепти “Газпром-Кыргызстан” ишканасына бекер пайдаланууга берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
 
Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюу ниетинде.
 
«Мектеп чоң, аны кармоого мэриянын акчасы жок, биз макулбуз. Россия башка аймактарда дагы мектептерди курууну көздөп жаткандыктан, келишимге кол коюуну сунуштады», - деди ал.
 
Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын айтымында, «Газпром-Кыргызстан» ижара акысын төлөөдөн баш тартпайт.
 
«Ижара келишими ушул жылдын август айында аяктайт. Алар жылына 22 миллион сом ижара акысын төлөшөт. Мектептин имараты мэриянын балансында», - деп түшүндүрдү вице-мэр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter