У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Бейшеналиев депутат Сулайманов жардамчысын жетекчилик кызматка дайындоону суранганын айтты


 Жогорку Кеӊештин депутаты Кундузбек Сулайманов Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевден өзүнүн жармачысын кесиптик лицейге директор кылып дайындап берүүсүн суранган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ЖКнын жыйынында билдирди. 
 
Министр депутат министрликтин ишин анын жардамчысын кызматка дайындоодон баш тарткандан кийин сынга алып баштаганын айтты. 
 
«Мен министр болуп дайындалгандан кийин жардамчыңызды (Айжан Үсөнканованы) Токтогул районундагы No39 кесиптик лицейдин директорлугуна дайындоону өтүндүңүз. Мен аны дайындабаганым үчүн мени эл алдында сындап жатасыз», - деди министр.
 
Ошондой эле министр депутаттын жардамчысын кызматка дайындоодо жеке кызыкчылыгы жок экенин, болгону анын жамдамчысы талаптарга жооп бере албагынын кошумчалады. 
 
 «Бул тармакты президент мага ишенип тапшырды. Жеке мага карата сын пикириңиз болсо, мага жекече айтыңыз. Эл алдында сындасаӊыз, мен да сиздин өтүнүчүӊүздү ачык айтам. Жардамчыңыз квалификация критерийлерине жооп берген жок. Ал сиздин жеке жардамчыңыз болгон. Мен аны дайындай албадым, кечирим сурайм», - деди министр.
 
Депутат кесиптик лицейдин көйгөйлөрүн жеринде көргөндөн кийин сын айта баштаганын белгиледи.
 
 «Мен элдин пикирин эске алуу менен сунуштадым. Башка кызыкчылык болгон жок. Мен сизге жардам бергим келет, менде эч кандай жаман оюм жок”, - деп жооп берди Сулайманов.
 
Буга чейин депутат Бейшеналиевдин ишин сынга алган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter