У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөтөт


 Казакстан 1,1 миллион даана жасалма беларус акциздик маркаларын табылганына байланыштуу Кыргызстан менен чек арадагы көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик киреше комитети билдирди.
 
Мекеменин билдиргенине караганда, жакында Кыргызстандан Казаксатндын чек арасына барган жүк ташуучу унаадан Беларустун 1,1 миллиондон ашык жасалма акциздик маркалары табылганын.  
 
«Кыргызстан буга чейин ташылган товарлардын электрондук эсебин берүү милдеттин алгандан кийин Казакстан тарап көзөмөлдү азайткан болчу. Бул абалды жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр пайдаланышууда. Маселен, 28-апрелде Кыргыз Республикасынан келе жаткан жүк ташуучу унаадан салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө Беларусь Республикасынын 1 миллион 100 миң даанадан ашык жасалма акциздик маркалары аныкталган», -деп айтылат маалыматта. 
 
Ошондой эле жүк ташуучу унаадан 2 миңден ашык декларацияланбаган жүк – видеокөзөмөл системасы, кийим-кече жана спорттук шаймандар табылган.
 
 Казакстандын Каржы министрлиги көзөмөлдүн начарлашы менен катар мыйзам бузуулар кыйла көбөйүп, Кыргызстандан тоо-кен техникаларын жана электрондук тамекилерди ташып келүү фактылары көбөйүп жатканын, документтерге ылайык, алар Казакстан аркылуу транзит менен Орусияга өтүшү керек деп ырастоодо. 
 
«Үстүбүздөгү жылдын апрель айында транзиттик декларацияланган товарлар Казакстандын аймагында калган тоо-кен техникасын жалган транзиттин 6 фактысы аныкталган. Белгилей кетсек, чарба жүргүзүүчү субъектилердин мындай аракеттери ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн бюджетине зыян келтирет, ошондуктан көзөмөл күчөтүлөт», — деп билдирди Казакстандын Каржы министрлиги.                   


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter