У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2022-жылдын 4 айында 315 миң 762 жол эрежесин бузуу аныкталды


 Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын алкагында, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББ Басма сөз кызматы маалымдайт. 
 
Масштабдуу рейддерди уюштурууда жана жолдогу көзөмөлдү күчөтүлгөндүгүнүн жыйынтыгында 2022-жылдын 4 ай аралыгында республикада 315 миң 762 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алсак:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 45 миң 200;
- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 4 миң  158;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 119 миң 688;
- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 377;
- автоээнбаштык – 51;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 12 миң 135;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 1 миң 219;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 107 миң 586;
- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 947;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 4 миң 171;
- унаа токтотуучу жайга коюлду – 17 миң 868.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 4 ай ичинде катталган жол кырсыктарынын саны -11пайызга, каза болгондордун саны -17,5 пайызга жана жаракат алгандардын саны -11,1 пайызга азайганын 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырсак болот. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат.
Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter