У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөгө акы төлөнөт


Келечекте Транспорт министрлиги Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөдөн акы алууну пландаштырууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.
 
«Азырынча жол акынын так эсептөөлөрү жок, анткени бул жол боюнча каттамдын толук ачылышына дагы 1,5-2 жыл бар. Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу насыя каражатына өкмөттүн кепилдиги менен курулуп жатат, келечекте бул жолго акы алуу кандай механизм менен жүргүзүлөрү чечилет»,-дейт министрликтен. 
 
Буга чейин транспорт министринин орун басары Нурлан Кайынбаев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда жол акы жеңил унаалар үчүн 150 сом, жүк ташуучу унаалар үчүн 400-600 сомдун тегерегинде болорун билдирген. 

 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter