У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Камила Талиева: Оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынса, таксисттерге башка жумуш таап бергиле


 Оң рулдуу унааларда такси кызматтын көрсөтүүгө тыюу салуу аракети парламентте бир нече жолу колдоого алынган эмес. Бул тууралуу депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, министрлер кабинети бир нерсеге тыюу салаардан мурун альтернативдүү чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө ойлонушу керек.
 
«Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов Кыргызстанда оң рулдуу унааларда такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди. Анын сөздөрү социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Белгилүү болгондой, такси унааларынын 60 пайызы оң рулдуу. Тыюу салуу маселеси 2018 жана 2019-жылдары көтөрүлгөн. Анда парламент колдогон эмес. Кайрадан ушул маселени көтөрүү менен элди ызы-чуу кылып жатасыз. Биринчиден, таксисттерге башка жумуш таап бергиле, альтернативалык чечимдерди иштеп чыккыла», - деди Камила Талиева.
 
Эске салсак, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу 19-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Ал билдиргендей, тиешелүү мыйзам долбоору даярдалууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter