У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Манас” бажысы 13 миллион сомго декларацияланбаган эки учакты аныкташты


ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражатарды мыйзамсыз өткөрүү фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан товарларды жана транспорт каражаттарын, тактап айтканда учактардын декларациялабоо фактысын аныкташкан. 
 
2021-жылдын 26 жана 30-июлунда Кыргыз Республикасынын аймагына Пакистан-Бишкек маршруту боюнча рейстери менен “А.М.Э” ЖЧКсынын дарегине “AVRO 146 –RJ85” эки учак келгендиги анкыталган. Борттогу товарлардын наркы 12 971 063,27 сомду түзгөн. 
 
ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Аталган учактарга карата келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. 
 
Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген.
Булак: kyrgyztoday.org


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter