У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коргоо министрлиги аскер кызматчыларына пенсия төлөөнү жокко чыгарууга каршы


Коргоо министрлиги Социалдык фондун жарандарга, башкача айтканда «азыркы учурда иштеп жана пенсия алып жаткан» аскер кызматчыларына пенсия төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө демилгесин максатка ылайыксыз деп эсептейт. Бул тууралуу билдирүү министрликтин фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. 
 
«Биринчиден, аскер кызматчылары «иштебейт», кызмат өтөйт. (Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамынын 80% татаал климаттык жана бийик тоолуу шарттарда өздөрүн да, жакындарын да аябастан кызмат кылып, ошол эле учурда Кыргызстандын жарандарынын тынч эмгегин камсыздап келишет).
 
Экинчиден, аскер кызматчыларынын пенсияга чыгуу мөөнөтү аскер кызматчысынын каалоосу менен эмес, Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталган. Аскер кызматчыларынын кызматтык убактысы 10-12 саат, ал эми кээ бир учурда суткасына 24 саат убакытты дагы камтыйт. Мындан тышкары, өздүк курамдын кээ бир бөлүктөрү дем алыш жана майрам күндөрүн дагы кызматта өткөрүшөт.
 
Жөнөкөй математикалык эсептөө менен, кыргыз аскер кызматчыларынын кызматтык убактысы жумасына 60-80 саат, ал эми Социалдык фонддун кызматкерлеринин жумуш убактысы күнүнө 8 саат, жумасына 40 саат, ошондой эле милдеттүү дем алыш күндөрү дагы эки күндү түзөрү белгилүү.
 
Үчүнчүдөн, Социалдык фонддун кызматкерлери Россия жана Казакстандын аскер кызматчыларынын пенсиясын эсептөө боюнча берген маалыматы объективдүү эмес жана бир жактуу маалыматтарды таратуу менен республиканын калкын адаштырып жатышат. Россия, Казакстан жана Өзбекстандын аскер кызматчыларынын пенсиялары биздин Ата Мекенди коргоочулардыкына караганда кыйла жогору.
 
Кырдаалды жер-жерлерде көрүү үчүн биз КР Социалдык фондунун кызматкерлерине Баткен, Маргун, Нарында же Караколдо жана республиканын башка райондорунда жайгашкан аскер бөлүктөрүбүзгө барып, алардын жашоо жана кызмат шарттары менен түздөн-түз таанышып, аларды социалдык фонддун кызматкерлеринин өздөрүнүн иштөө шарттары менен салыштырууну сунуштайбыз.
 
Биздин аскер кызматчыларыбыздын жана аскер пенсионерлерибиздин оор кызматы жана эмгеги үчүн ыраазычылык сөздөрүн билдирүүнүн ордуна, Социалдык фонддун орун басары ыңгайлуу болуп жана цивилизациянын бардык жыргалчылыктарынан (биздин аскер жана алардын гарнизондордо кызмат өтөп жаткан үй-бүлөлөрү кыялдана албай турган) пайдаланып, жогорку трибунадан алардын пенсияларын жокко чыгарууну жана ошону менен Кыргызстандын аскер кызматчыларынын социалдык-экономикалык абалын начарлатууну талап кылууда. Социалдык фонд болуп саналган мамлекеттик түзүмдүн мындай мамилесин мамлекеттик деп атоого болобу? (суроо риторикалык гана).
 
Төртүнчүдөн, бул эң негизгиси. Кыргызстандын бардык жетекчилиги, өкмөт жана биринчи кезекте Президент - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы аскер кызматчыларын бардык зарыл болгон, анын ичинде алардын оор эмгегине татыктуу акчалай эквивалент менен камсыз кылуу менен улуттук Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди жасайт. Ошол эле учурда Социалдык фонддун жетекчилиги өзүнүн жасап жаткан иштери жана Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылууга мамлекеттик эмес мамилеси менен бул аракеттердин баардыгын жокко чыгарып жатат.
 
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги КР Социалдык фондунун демилгесин туура эмес деп эсептейт. Ал аскердик коопсуздукту камсыз кылууга олуттуу зыян келтирет жана Кыргыз Республикасынын аскердик-саясий жетекчилигинин Аскердик тармактагы мамлекеттик саясатына жана аскер кызматчыларын социалдык коргоосуна каршы келет», —деп жазылат маалыматта. 
 
Эске салсак, Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угууда ал аскер кызматкерлерине бир эле учурда пенсия да, айлык да алууга тыюу салуу сунушу көтөрүлүп жатканын айткан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter