У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эгерде цех керек болсо, ачык эле айтсын, болбосо жайыбызга койсун. Жеке ишкер Эрулан Көкүлөвго кайрылды…


«Не сахар» долбоору 1 жылда 3 жолу видеого тартып кеткен мал союучу жайдын ээси, жеке ишкер Эркин Бийбосунов Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловго кайрылды. Ал бүгүн, 4-апрелде «АКИpress» агенттигинде маалымат жыйында өткөрдү. 
 
Ал өз сөзүндө «Не сахар» долбоору алардын ишине тоскоолук жаратып жатканын, эгер депутатка цех керек болсо ачык айтуусун, болбосо «Не сахар» долбоору аларды жайына коюп, алар иштеши керектигин айтты.
 
«Бул долбоор, бизди өткөн жылы 3 жолу тартып кеткен. Биринчи жолду 2022-жылы 7-январда келишип, цехтин ичин видеого тартып кетишкен. Анда кийин 2 жолу келип тартышты. Эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес, аларды киргизгенбиз, алар каалган жерин тартып кетишкен. Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошол учурда биз өзүбүз видеону күтүп жатканбыз, бирок эртеси биздин мал союучу жайга тиешеси жок кадрларды кошуп, жалган-жалаа жаап, видео жарыялашкан. Биз видео даярдап, алардын айткандарын далилдер менен төгүндөгөнбүз. Бирок кайра эртеси келип, видеого тартышкан. Ал видеону чыгарышкан эмес. Алардын жалган маалыматынан улам биз ошол кезде канча деген кардарларыбызды жоготтук, эми кайра кардар топтоп, ишти жолго салганда, кайра келишти. Бул жолу келишкенде да жөн келишпей, «бизди ит менен кууп чыкты, цехке киргизбей койду, кол салды» деген жалааларды жаап, жалган маалыматтарды таратып чыгышты. Биз эч качан ит баккан эмеспиз. Мал союучу жайда ит кармаганга болбойт. Алар милицияга арыз жазышты. Биз дагы жаздык. Эл алардын сөзүнө ишенип жатат. Кардарларымдын баары коркуп калды»,-деди ал. 
 
Ошондой эле ал Жогорку Кеӊештин депутаты Эрулан Көкүлөв мал союучу жайга барып, анын жумушчуларын кемситип, сөккөнүн айтты. 
 
«Жогорку Кеӊештин депутаты Эрулан Көкүлов келип, сөгүнүп, кол көтөргөнгө чейин барды. Видеолор бар. Эгерде цех керек болсо, ачык эле айтсын. Болбосо «Не сахар» долбоору бизди өз жайыбызга койсун. Биз да иштеп, үй-бүлө багышыбыз керек», - деди жеке ишкер.
 
Анын айтымында, бул иш боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.
 
«Сокулук районунда мал союучу жайлар абдан көп. Эмнегедир, булар биздин мал союучу жайга гана текшергени келишет. Райондогу башка цехтерге барышпайт. Эрулан Көкүлов былтыр, 7-январда тартылган видеого башка мал союучу жайдын кадрлары кошулуп кеткенин мойнуна алган. Анын айтканын далидеп бере алабыз. Былтыр цехти кеңейтүү боюнча чоң долбоор ишке кирмек. Бирок алардын жалган жалааларынан кийин долбоор токтоп калды. Андан кийин мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү көп болду», - деди Бийбосунов.
 
1-апрелде мал союучу жайдагы окуя боюнча Бийбосунов менен чогуу иштешкен Евгений Гагулин төмөнкүлөргө токтолду. 
 
 «Не сахар» долбоорунун кызматкерлери өздөрүн тааныштырбай, мал союучу жайга жулунуп кирип келишти. Цехтин ээси жок экенин, ал келгенче сыртка чыгып тургула дедик. Алар макул болушуп, сыртка чыгып кетишкен.Тынч сүйлөшүп, тынч эле кетишкен. 15 мүнөттөн кийин милиция кызматкерлери келип, алар менен чогуу видео тартып жүрүштү. Эрулан Көкүлов да келди. Ал өзүн тааныштырган да, келген себебин айткан да жок. Аӊгыча, мен короодон кыйкырыктарды уктум. Барсам, ал бир кызматкерди сөгүп, кемсинтип жатыптыр. Депутат болсо да минтип карапайым адамды кемсинтүүгө болбойт да. Алар интернетке бизге кол салды, сабашты деп видео жарыялашты. Ошол эле учурда өздөрү унаада отурат. Биз болсо ал учурда тынч эле сүйлөшүп жатканбыз»-деди ал. 
 
Бийбосуновдун цехинде мал сойдурткан жеке ишкер Ади Саидов өзүн кемситип, сөккөн адам Жогорку Кеӊештин депутаты Эрулан Көкүлөв экенин деле билбегенин, кийин башкалардан анын депутат экенин укканын айтты. 
 
«Мен ошол күнү Бийбосуновдун цехинде мал сойдуруп жаткам. 3 жылдан бери ушул цехке мал сойдуруп келем. Биз мал союуп жаткан учурда балдар келип, видеого тартып башташты. Биз аларга цехтин ээсин күткүлө дедик. Алар эшикке чыгып кетишкен. 15 мүнөттөн кийин милиция кызматкерлери келип, мал союп жаткан балдарды суракка алып баштады. Балдар бошобой калгандыктан, малды өзүм союп баштагам. Аӊгыча эле бир жигит келип, мени сөгүп, урушуп баштады. Көрсө ал Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов экен.Эми келе калып эле адамды сөгүп, кемситкен туура эмес да», - деди Саидов.
 
Эркин Бийбосунов эртеӊ кандай болорун айта албай турганын, булар да өз чындыгын айтуу үчүн маалым жыйын өткөрүп жатканын, Эрулан Көкүловго эмне керек экенин, цех керек болсо байланышка чыгып ачык айтуусун суранды. 

«Биздин да жеке ишкер катары укугубуз болушу керек да»,-деди жеке ишкер.


 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter