У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Надира Нарматова: Жаштар, жаштар дейсиңер... Кызматка келген жаштарың чекеден коррупционер болуп, кармалып жатат


Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Надира Нарматова фейсбуктагы баракчасына жазды. Текст өзгөртүүсүз берилди. 
 
«Эки жумадан бери ХАЙП кылып тынбаган акча табармандар!
Мен силерге теңтуш же жаш секелек кыз эмесмин эрмектегендей. 
Унчукпай жөн койдум, сабыр кылып,теңелбедим.
Эки жумадан бери мазактап чектен аштыңар.
Адашып сүйлөгөн сөздүн уяты жок.
Уялгыдай уурулук кылып,ушак айтып, мыйзам бузуп,бузукулук жасабадым.
Бирөөнүн акысын жебедим. 
Адашкан  болсом шайлоочунун кызыкчылыгы үчүн сүйлөнгөн сөздөр.
Күлө турган,маскаралай турган маселе жок.
Кынтык издейсиңер.
Реалдуу жашоодогу ачуу чындыкты,шайлоочулардын сунушун аткаруу бийлигине түз жеткирдим. 
Наристе балдарыңардын келечеги үчүн болгон сөз.
Болду токтоткула !
Жакшы эле ХАЙП кылып акча таап алдыңар. Тапкан акчаңардын буюруп,насип кылаарын ойлогула.
Биротоло пейил, ниет бузулуп бүтүптүр. 
Ошондуктан  береке пейиз,ыйман,ынсап кетип ,адам кадырын тебелеп,тепсеп, өлкө ичинде соо адам калбады. Ат койосуңар.Туруш турпатына,өңү түсүнө,баскан турганына,кийген кийимине,адамдык ар намысына асыласыңар. Ар бир адамдын ордуна өзүңөрдү коюп көргүлө.
Көздүн тирүүсүндө бир бирибизди баалай билели. Көзүң өтүп,жүрөгүң сокпой ,кулагың укпай,сезимиң туйбай калганда жакшы сөз айтпай эле койгула.
Ким экендигине карабайсыңар.Улуу,кичүү жөнүндө сөз жок.
 Президентти баш кылып,мамлекеттик жетекчилерди, депутаттарды төш кылып  жамандыкты,кемчилдикти аңдып коомчулукту дүрбөткөндөн башка ишиңер жокбу!Жакшылыкты,ийгиликти,өсүп,өнүгүүнү,башталып,аткарылып жаткан саамалыктарды эмнеге көргүңөр келбейт. 
Ырахаттанып жаткан макулуктардын,күн алыс пикет,акция өткөрүп тынчтыкты бузгандар ,силердин   кесепетиңер,кесириңер карапайым элге тийип жатат. Коомдо тынчтык жок. Ошонун баары өсүп,өнүгүүгө залалы тийип жатат.
Коомдун талкаланып,адамгерчилик жоголуп, адам кадырын баалабай,
99 жолу жакшы иш кылганын унутуп,бир жолку кемчилдигин эмптеп таап,жок болсо ойлоп чыгып, жугунду куйганды качан токтотосуңар!
Көпчүлүк адамдардын мүнөзү кул мүнөз болуп, жакшылыкты көрбөй,жамандыкты аңдып, сөз эркиндиги,өзүм билем өтүгүмдү төргө илем дегендей аракети - бул бейбаштык. Реалдуу жашоонун ачуу чындыгы.
" БИР АЙЫЛ ӨКМӨТТӨ ОНДОН АЙЫЛ БОЛСО "- деген сөздү "БИР АЙЫЛДА  ОНДОН АЙЫЛ  БОЛСО"- деп ,шашып айтып алгандыгымды, өзүм байкап кайра оңдоп айтканмын. Балдар бакчасы боюнча үч сунуш айткам.Аларды көргүңөр уккуңар келбейт. Эки сөздү кайра,кайра кайталап монтаждап,бардык соцсайттарга ватцап группаларга,тикток инстаграмм,телеграммдарга коюп ХАЙП кылып, акча тапканды кесип кылып,адамдык ар намысты тебелегениңер жакшыбы.
Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт.
 Катасы жок,кемчилдиги жок,ката кетирбеген адамдын өзү жок бул жашоодо.
Эскертип койоюн.
Качканда Кудай дейт. Кубалаган да Кудай дейт. Ар бир сөздүн жоопкерчилиги сөзсүз болот.
Эмне үчүн кыргыз аялдарынын абийирин айрандай төгүп жылаңач тарых музейинде көргөзмө өткөргөндө унчукпайсыңар!
Эмне үчүн гей лезбиянкалар, ЛГБТлар көчөдө парад өткөрүп жаштарды бузуп жатканда унчукпайсыңар! 
Эмне үчүн улуттук баалуулуктар, нарк насил,каада салт тебеленип жатканда унчукпайсыңар!
Эмне үчүн балдар бакчаларында 2,3төн балдар бир кроватта жатып, балдардын тарбиясы,укугу бузулуп жатканда унчукпайсыңар!
Эмне үчүн жаш балдардын укугу тебеленип,бачабаздык кылып жаткан эркектерге унчукпайсыңар!
Эмне үчүн мамлекеттин казынасына кол салып уурудук кылып,күнүнө колго түшүп жаткан коррупционерлер жөнүндө унчукпайсыңар! 
Эмне үчүн динге жамынып,3,4 төн аял алып,кыз келиндерге жоопкерсиздик мамиле жасаган катынпоздорго унчукпайсыңар!
Эмне үчүн балдарды төрөтүп, 1,2,3,4,5 6 дан балалуу болуп ,ажырашып,балдарды бакпай,алименттин төлөбөй,жоопкерчиликти сезбей качып жүргөндөрдү унчукпайсыңар!
Эмне үчүн жогорку үстөктөрдө кредит берип, элдин канын соруп жаткан сүткорлор жөнүндө унчукпайсыңар!
Эмне үчүн мыйзамсыз жылына 15,16 миңдеген балдар НОКОТЕК болуп энесинин фамилясына жазылып ааламга келген, жети атасы эмес,өз атасын билбей туулуп жатса,тирүү жетимдер көбөйүп, кыргыздын саны НОКОТЕКТЕРДИН эсебинен көбөйүп жатса унчукпайсыңар!
Кана ыйманга келтирип,ынсапка келтирип,напсилерин тыйып койгонуңар!
Тескерисинче ыймансыз,ынсапсыз көбөйүп,напсисин тыйган адам жок. 
Ач көз,көрө албас,куйту,куйсупур,бузуку, ушакчы,шылуундар,жоопкерсиз ,
кайдыгерлер көбөйүүдө.
Мына мисал.
Жалаң жаштар, ХАЙП кылгандар.
Жаштар,келсин,жаштар келсин дейсиңер. Кызматка келген жаштарың чекеден коррупционер,ууру болуп күнүгө,күн алыс колго түшүп кармалып жатат.Көрбөгөндүн көргөнү курусун болуп.Берген жумушту аткара албайт. Тажрыйбасы жок.Жаштар иштегиле аткаруу бийликтеринде. Тажрыйба чогулткула. Мамлекеттик кадр 10,15,20 жылдап даярдалат.Парашютчу болуп дароо эле Министр,депутат, башкарма болгулары келет.
Өмүр боюу чогулткан тажрыйба менен парламентке улуулар келиш керек. 
Чекеден эксперт өзүнчө эле кыйраткансып. 
Мамлекетке,элге ,жок дегенде ата энеңерге,үй бүлөңөргө, жетим  жесирге,Алланын жолуна эмне кылдыңар!
Аллага шүгүр, алты саным аман,акыл эсим жайында. Күч кубатым ордунда.
Депутаттык милдетти мага эмгегимди баалаган карапайым эл берди.
 Өмүрүмдүн акырына чейин кызмат кыла берем. Элиме жаным курман.
Нарматовага окшоп карапайым үй бүлөдөн чыгып,элге 40 жыл боюу токтобой кызмат кылгыла. 
Туура,түз жүрүп,калыс сүйлөп,өз эмгегиңер,мээнетиңер менен элге жаккыла! 
Өз эмгегиңер менен , бир тыйыны жок колдоого алынып парламентке кайра келгиле.Чыныгы күрөштөрдө жеңип чыккыла!
Чырк этпедим. Теңелбедим. Бул жолу жооп беришке мажбурмун.
Жакшылыктын жарчысы болсоңор болбойбу.
Айтылган сөздөр өз ээлерин тапсын.
Ар бириңе жооп берип олтурбайм.
Узун сабак кылып жазууга туура келди.
Эки ооз сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес эле.
Кудайдын таразасынан эч ким качып кутула албайт. Кудайдын көзү түз болсун»,-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter