У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


К.Ташиев: Азык-түлүк коопсуздугу боюнча суроолор болсо үч министр «башы менен» жооп берет


 Өлкөдө негизги милдет азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. «Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта министрлер кабинетинде антикризистик план талкууланып жаткан учурда айтылды»,- деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
 
Анын айтымында, азык-түлүк запасы үчүн экономика министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жеке жоопкерчиликтүү.
 
«Балдар, алдын ала иштегиле. Келишимдерди түзүп, алдын ала ишке киришкиле,эртеӊ өлкөдө май түгөнүп калгандан кийин, азык-түлүк тартыштыгы бар деп отурбайлы. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча суроолор болсо, анда бул 3 министр “баштары менен жооп беришет”,- деди Ташиев.
 
Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда өлкөдө азык-түлүктүн запасы жетиштүү экенин кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter