У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Кытайга электр энергиясын сатууга ниеттенүүдө…


 Келечекте Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттой алат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
 
Анын айтымында, Кыргызстан өзүнүн гидропотенциалынын 10% гана пайдаланат.
 
«Келечекте биз өндүрүштү көбөйткөндө Кытайга электр энергиясын сата алабыз. Бизде электр энергиясы ашыкча болгондо Кытай Эл Республикасы бизден сатып алса болот деген сунуш киргиздик. Кытай менен коӊшу мамлекет болгондуктан биз ашыкча электр энергиясын сатуу үчүн 220, 110, 500 киловольттук линияларды тартышыбыз керек», - деди министр.
 
Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын импорттоо боюнча келишим түзүлгөнү белгилүү болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter