У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат: Эми баа көтөрүлөт, аткезчилик күчөйт. Жаңы Салык кодексинде дарыларга кошумча нарк салыгы киргизилди


 “Буга чейин дары-дармектерге кошумча нарк салыгы алынып салынса, жаңы Салык кодексинде бардык дары-дармектерге кошумча нарк салыгы киргизилди. Бул тууралуу  бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева билдирди.
 
Анын айтымында, буга чейин дары-дармектер негизинен Казакстандан алынып келинчү, анткени ал жакта арзаныраак болчу.
 
«КНС алынып салынгандыктан, бул маселе чечилди. Бирок жаңы Салык кодекси боюнча КНС кайра кайтарылды. Бизде өнөкөт, кант диабети, гипертония менен ооругандар бар, алардын арасында пенсионерлер, жаштар бар. КНС кайтарылса, анда бул дарылар кымбаттайт», - деди ал.
 
Ал ошондой эле кошумча нарк салыгын кайтарып алуу менен баңги аткезчилиги күчөйт деп эсептейт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter