У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алматынын райондорунун бирине антитеррордук операция режими киргизилди


 Казакстандын атайын кызматы 26-27-январь аралыгында Алматы шаарынын Түрксиб районунда антитеррордук операция режимин киргизип, беш киши кармалган. Бул тууралуу ТАСС Терроризмге каршы күрөшүү боюнча Алматы шаардык оперативдүү штабынан маалыматына таянып жазды. 
 
«Терроризмге каршы күрөшүү боюнча шаардык оперативдүү штаб 26-январда саат 00:00дөн Алматы шаарынын Түрксиб районунун аймагында антитеррордук операциянын режими киргизилгендигин билдирет. 27-январь саат 00:00гө чейин. Терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө 4-6-январь аралыгында Алматы шаарында мамлекеттик мекемелерге жана коммерциялык объектилерге тоноочулук жасоого катышкан уюшкан кылмыштуу топтун беш лидери жана мүчөсү кармалышты. Кармоо учурунда кылмышка шектүүлөрдөн курал-жарактар: ПМ жана ТТ үлгүсүндөгү тапанчалар, мылтыктар жана аларга тиешелүү октор алынган. 
 Атайын жана укук коргоо органдары тарабынан массалык баш аламандыктын катышуучуларын жана уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда. Укук коргоо органдарынын ишине түшүнүү менен мамиле жасап, алардын мыйзамдуу талаптарын так аткарууну суранабыз", — деп айтылат маалыматта.
 
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter