У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү


  Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу дистанциялык иштөөгө өткөнүн президенттин маалымат кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, бул дүйнөдө коронавирус инфекциясы жайылып жаткан учурдагы кырдаалда эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.
 
Мамлекет башчысы дистанциялык режимге карабай толук кандуу иш графиги боюнча ишин улантат.
 
Садыр Жапаров 3-5-февралга белгиленген Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылы Пекинде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter