У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ташиевдер мамлекеттик нефтини кайра иштетүүчү заводго ортомчулук кылып кантип эки күндө 37 млн. сом табышты?

 
Ташиевдер мамлекеттик нефтини кайра иштетүүчү заводго ортомчулук кылып эки күндө 37 млн. сом табышкан. Мындай операциялар 52 жолу жүргүзүлгөн. Бул тууралуу журналист Болот Темировдун иликтөөсүндө айтылат. 
 
«Эки күндүн ичинде ортомчу компания мамлекеттик ишкананын продукциясын сатуу менен жылдык кирешесинин дээрлик төрттөн бир бөлүгүн табат. Кызыгы, мамлекеттик заводдун жана ортомчу фирманын жетекчилери УКМКнын төрагасы менен байланышта”, - дейт журналист Болот Темиров.
 
Ошондой элк ал Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү өлкөнүн түштүгүндөгү күйүүчү май бизнеси менен тыгыз байланышта экенин айтууда. Журналист белгилегендей, УКМКнын башчысы бийликке келгенге чейин эле күйүүчү май бизнеси менен байланышта болгон. Жалал-Абаддагы мунай заводу анын жакындарына катталган. Түштүктө «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК жана жалгыз мунай иштетүүчү заводу «Кыргызнефтегаз» ААК иштейт. Эки ишканада теӊ мамлекеттин үлүшү бар.
 
Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин нефтини кайра иштетүүчү заводго Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетекчи болуп келген.
 
Иликтөөчү журналисттердин эл аралык тармагы төрт документти табууга жардам берген. Алсак, алардын биринде «Регион Ойл» ЖЧКсы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК өндүргөн мазуттун килограммын 0,34 доллардан экспорттойт. Эки күндүн ичинде, 2021-жылдын 23- 24-июнунда компания Өзбекстандын Фергана нефтини кайра иштетүүчү заводуна 3666 тонна мазут жеткирген. «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК заводунда мазут дээрлик эки эсе арзан — 0,22 доллар. Көрсө, баанын айырмасынан “Регион Ойл” мазуттун экспортунан 37 миллион сом киреше тапкан.
 
«Бул жалгыз экспорттук-импорттук операция эмес. «Открытый бюджет» порталы көрсөткөндөй, Region Oil 2021-жылдын 16-апрелинен бери 52 жолу товарлардын бажыдан өткөрүү кызматына акы төлөгөн. Камчыбек Ташиевдин жээни 2021-жылдын башында «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын директору болуп дайындалган», — деди Болот Темиров.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter