У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат ЖКга журналисттерди аккредитациялоодо алардын кесипкөйлүгүн эске алууну жана түз эфирге тыюу салууну сунуштоодо


 Журналисттерди жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоодо журналисттин басып өткөн жолун, коомчулукка кандай пайда алып келерин, көз карашын, кесипкөйлүгүн эске алуу керек. Бул тууралуу депутат Надира Нарматова 20-январда «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.
 
Ошондой эле, анын айтымында, сессияны түз эфирде чагылдырууга Жогорку Кеңеш гана укуктуу болушу керек.
 
«Аккредитациядан өткөн журналисттер бул жерге маалымат алуу үчүн келишет, алар залга келип, ар кандай сайттар аркылуу түз эфирге чыгышат. “Пирамида” телеканалы жыйындарды түз алып көрсөтүп жатат. Аталган телеканал гана жыйындарды көрсөтүүсү керек.  Журналисттердин түз эфирде берүү практикасын токтотуу керек. Болбосо «майда-чүйдөлөр» келип түз эфирге чыгып, маалыматты бурмалап беришет», - деди депутат.
 
Бир чети ЖМКлардын парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдырып, сындап жатканы жакшы экенин депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.
 
«Мен буга каршы эмесмин. Болгону маалыматты бурмалап жатышат», — деди Нарматова.
 
«Биз бул нерседен да өтөбүз», - деди Төрөбаев кесиптешине.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter