У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШКга Билим берүү министрлигинин корутундусу келген. Бүгүн БШК Нарматованын диплому боюнча маселени карайт


 БШКга Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын жогорку билими тууралуу диплому боюнча УКМКдан материалдар келип түштү.
 
Белгилей кетсек, тергөөчүлөрдүн айтымында, бул документ эл өкүлүнөн мыйзамсыз алынган. Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясына Билим берүү министрлигинин корутундусу келген. Бүгүн БШК бул маселени карайт.
 
Эске салсак, КЖнын депутатынын жогорку билиминин болушу мыйзамдын милдеттүү талабы. Эгерде ал бузулса, БШК бул үчүн мандатынан ажыратууга ыйгарым укуктуу.
 
Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын аталган окуу жайга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter