У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлерин «Токтогул» суу сактагычына чакырды


Кыргызстандын Энергетика министри коӊшу Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлерин "Токтогул" суу сактагычындагы абалды көрүү үчүн Кыргызстанга чакырды. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев кечээ, 18-январда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында айтты.
 
Анын айтканына караганда коӊшу өлкөлөрдүн министрлери ушул айдын аягына чакырылган. 
 
«Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлерин чакырдык, аларды "Токтогул" суу сактагычына  алып барып суунун көлөмүн көрсөтөбүз. Ортобузда атаандашуу болбой шериктеш бололу деп сунуш кылып кат жөнөттүк",-деди министр. 
 
"Электр станциялары" ишканасынын сайтында суу сактагычтагы суунун көлөмү 18-январга карата 9 млрд. 559 куб метрди түздү.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter