У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2021-жылы Кумтөрдөн 14,5 тонна алтын өндүрүлгөн

 
Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылкы жана убактылуу тышкы башкаруу мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчет берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
 
Белгиленгендей, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 13,6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөн. Натыйжада, чегерүүлөр планы 150% ашкан.
 
2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн АКШ долларын түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн АКШ доллары түшкөн.
 
Алтындын бир унциясына карата жалпы акчалай чыгым планга салыштырмалуу 220 долларга, же 16% ашуун кыскарган.
 
«Бул негизги көрсөткүч - өндүрүлгөн алтындын унций наркынын төмөндөшү көрсөткүчү боюнча гана компаниянын мурдагы менеджментине салыштырмалуу убактылуу тышкы башкаруучунун ишинин натыйжалуулугу жана чарбачылдыгы тууралуу айтууга болот», - деп билдирди 
 
Отчеттун жыйынтыгында Тенгиз Бөлтүрүк келерки жылга пландары тууралуу маалымат берди. 
 
Анын айтымында, жакынкы пландарга жогорку сорбциялык активдүү рудаларды кайра иштетүү технологиясын өркүндөтүүгө, алтындын алынышын жогорулатууга,  кенди жер астынан казууну жана калдыктарды көмүүнү баштоого мүмкүндүк берүүчү туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу кирет.
 
2022-жылга «Кумтор Голд Компани» өнүктүрүү планы боюнча, 17 тоннадан ашуун алтын өндүрүү күтүлүүдө.
 
«Тышкы башкарууга өтүүдө пайда болгон бардык кыйынчылыктарга жана «Centerra Gold Inc.» тарабынан келтирилген тоскоолдуктарга карабастан, «Кумтөр Голд Компани» эмгек жамааты алдыга коюлган милдеттерди аткара алды. Кумтөр кени стабилдүү, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүүдө», - деди Тенгиз Бөлтүрүк.
 
Талкуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Кумтөр кенинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгына оң баа беришти.
 
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКта убактылуу тышкы башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 2-б буйругу менен киргизилген.
 
Бөлтүрүк Тенгиз Аяпберген уулу Министрлер кабинетинин төрагасынын 2021-жылдын 17-майындагы № 25 буйругу менен ишкананын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган. Учурда Кумтөрдү толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter