У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токаев каза болгондордун так санын аныктоону тапшырды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы, атап айтканда Алматыдагы кайгылуу окуяларды иликтөөгө көңүл бурууну, ошондой эле каза болгон жарандардын так санын аныктоону тапшырды. Бул тууралуу коңшу мамлекет башчысынын расмий сайтында маалымдалды.
 
Анын айтымында, Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өттү. Ага Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук комитетинин, Коргоо жана ички иштер министрликтеринин биринчи жетекчилери, ошондой эле президенттик аппараттын жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин аппаратынын кызматкерлери катышты.
 
Мамлекет башчыга бир катар облустарда болуп өткөн окуялар боюнча сотко чейинки тергөөнүн жүрүшү, жүргүзүлгөн атайын операциялардын жыйынтыктары, ошондой эле коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча башка чаралар тууралуу маалымат берилди. 
 
Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин катчысына Атайын операциялык күчтөрдү түзүү боюнча ишти тездетүүнү жана улуттук коопсуздук системасын реформалоо боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
 
Президент антитеррордук операция учурунда жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербөөнүн жана тергөө амалдарын жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
 
Белгилей кетсек, Алматыдагы тополоңдо Кыргызстандын эки жараны Бахтияр Базарбаев менен Азиз Мусаев набыт болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter