У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токмоктук ишкерлер көзөмөл-кассалык аппараттарды орнотууга каршы

 Токмок шаарынын кичи жана орто бизнес ишкерлер биримдиги кассалык аппараттарды (ККМ) орнотууга каршы. Алардын кайрылуусунун видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.
 
Алар жаңы Салык кодекси боюнча бийликке кайрылышкан.
 
 «Чакан жана орто бизнес азыр оор абалда. Биз сизден онлайн ККМди колдонууну жок дегенде бир жылга токтотуп, аларды орнотууга мажбурлабоону суранабыз. Эл патентке, Соцфондго төлөөгө даяр, бирок ККМ системасы боюнча азыр абал кыйын», - дешти нааразы болгон ишкерлер.
 
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тарта жаңы Салык кодекси күчүнө кириши керек. Буга чейин сатуучулардын кассалык аппараттары болсо, аларды салыктан бошотуу сунушталган.
 
Бир күн мурун “Таатан” базарынын соодагерлери Ак үйдүн алдына митингге чыгып, кассалык аппараттын жоктугуна байланыштуу айып пул салынып жатканын жана кассалык аппараттарга каршылыктарын билдиришкен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter