У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен баалардын өсүшү боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкты


 2021-жылдын ноябрында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр арасында инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда белгиленди. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
 
2021-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда инфляция 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 9,7 пайызды түздү. Беларуста бул көрсөткүч бир аз төмөн – 9 пайыз. Эң төмөн инфляция Арменияда – 6 пайыз.
 
«Инфляциянын өсүшүнө азык-түлүк товарларына (11 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (10 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө (5,1 пайызга) баалардын өсүшү таасир эткен», - деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter