У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таксисттердин иштөө убактысына чек коюлат


Таксисттердин иштөө убактысына чек коюу пландалууда. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
 
Анын айтканына караганда, таксисттердин иштөө жана эс алуу убактысын иретке келтирүү маселеси жаралган, себеби ашыгы менен иштеп, аз уктап жүргөн кырсыкка кабылган таксисттер көп кездешет.
 
«Таксисттерге лицензия берүү эрежелерин иштеп чыгууда аларга иш убактысын чектөө каралууда. Лицензия берүүнүн бир жагы эс алуу жана иштөө режимин көзөмөлдөө болуп саналат. Менчик таксилер үчүн лицензиянын эрежесин иштеп чыгууда жумуш убактысына белгилүү бир чек коюлат. Муну менен маселе жөнгө салынат. Өзүңүздөр билгендей, азыр эч кандай көзөмөл жок. Мисалы, таксист алыскы региондон келери менен кардар чыгып калса, эс алып уктабай эле кайра кетип калат. Бул биздин негизги көйгөй. Андыктан лицензия берүү менен эс алуу жана иштөө убактысынын маселесин чечебиз", — дейт Саркулов.
 
Ошондой эле ал таксисттердин ишинин чектөөсүн көзөмөлдөө инспекторлордун ишин санариптештирүү аркылуу ишке ашырарын кошумчалады.
 
"Жолдорго мобилдик посттор орнотулат. 2022-жылдын башында Кыргызстан боюнча линиядагы бардык инспекторлор планшеттер менен камсыздалат.  Анда таксисттердин маалыматтык базасы жайгаштырылат. Мындан тышкары таксисттердин кайда жүргөнүн да каттоого алабыз. Каттоо аркылуу алардын кайда жүргөнүн, канча убакытта, кайсы каттам менен жүргөнүн көрө алабыз. Маселе азыр чечилет деп айтпайм, бирок келечекте бул системаны электрондук форматка өткөрүүнү пландап жатабыз жана көзөмөлдөөнү жүргүзөбүз”,-деди ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter