У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эми жайыттар сынак аркылуу ижарага берилеби?..

 
Депутаттар жайыттарды ижарага сынак аркылуу берүү жөнүндө мыйзамды карап жатышканын Эмилбек Каптагаев фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Шашылыш билдирүү! Өтө маанилүү маселе бул!!!
Депутаттар жайыттарды арендага конкурс аркылуу берүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатышыптыр. 
Токтоткула!!! 
 
Бизде чоң СОГУШ чыкса жайыт үчүн чыгат, азыр ээн жаткан жайыт жок, бардык жерде мал батпай калды.  Айыл жанындагы жайыттар менен интенсивдүү пайдалануудагы орто жайыттар толук деградация болуп калды, жер такыр болуп бара жатат. Кийинки кездеги Жайыт комитеттеринин бул маселедеги жасап жаткан иштери алгылыктуу, бирок дагы да жетишсиз. Аны күчөтүү керек, кайра колго чаап токтотпой. Жайыт комитеттери аркылуу жаңы-жаңы тартипке келе жаткан нерсени бузбагыла!!! Бүтүндү бүлдүрүү оңой, калыбына келтирүү кыйын!   Жайыт пайдалануу тартибин ошол жергиликтүү жамааттар өздөрү чечкени абдан туура.  

Жайытты конкурс менен ким акчаны көп төлөйт деп бере баштоо чоң чатактын башы болот, коррупция башталат, акчалуу-байлар алып кайра субарендага берип карапайым элдин канын соро башаташат, ал эми бирин-эки малы барлар такыр жайыты жок калышат, алар арендага жайыт ала алышпайт.   
Жайыт жалпы элге таандык болуусу зарыл. 
Каралып жаткан мыйзам долбоору - бул байлардын, акчалуулардын гана кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы жок мында!»,-деп жазды ал.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter