У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарын жергеси Улан Бакасов татыктуу депутат болот деп ишенет


Ошентип, бүгүн 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо кампаниясынын үгүт иштеринин акыркы күнү. Бул сапаркы шайлоо өткөн шайлоо өнөктүктөрүнө карата таза өтүп жатат. Бийлик тараптан административдик басым жасалганы байкалбайт. Мурдагы Акүй тараптан бата алган бийликчил партиялар атаандаштарына доминанттык басым кылып, ага кошумча мамлекеттик кызматкерлерди мажбурлап добуш бердирген ресурс жок. Президент Садыр Жапаров колдон келишинче таза шайлоо өткөрүп берүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Ал тургай бардык талапкерлерге бирдей шарт түзгөн преференциалдык жана бир мандаттуу округдан шайлоо системасына макулдугун берди. 
 
 Бардык талапкерлерге бирдей старт алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Республиканын   бардык аймагында акыл менен акчанын, аткарылбас кооз убадалар менен өлкөнүн өнүгүшүнө таасир бере турган реалдуу саясий платформа, программалардын күрөшү болуп жатат. Булардын ичинен татыктуусун шайлоо – Кыргыз Республикасынын жарандарынын 5 жылда бир келген конституциялык укугу.  Бардык аймактарда эң көп кеп кылынган сөз партиялар жана талапкерлер болууда. Саясий күрөш көбүнесе социалдык түйүндөрдө кызуу жүрүп жатат. Бир  мандаттуу №33 Нарын шайлоо округу бул процесстерден четке калган жок. Аталган округдан башта 13 талапкер аттанган. Анын ичинен 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартып, азыркы тапта 10 талапкер калды. 10 талапкердин ичинен 10-номер менен атанган Улан Бакасов атаандаштарынан ат чабым алдыда келе жатканын ар кандай социалдык сурамжылоолордун жыйынтыгынан, талапкерлер менен жолугушууга келген элдин санынан  улам белгилүү болууда. Талапкер Улан Бакасов Нарын шаарынын чөлкөмдөрүн жана Ат-Башы, Нарын райондорунун ар бир айылын кыдырып, шайлоочулар менен жолугуп чыкты. Акыркы жолугушуу Ат-Башы районунун административдик борбору болгон Ат-Башы айылында болуп өтүп, эл абдан көп келип, кубаттап, колдоп турушту. Келген эл Уландын 10 жылдан бери жардам берип келе жаткан кайрымдуулук иштеринен кабардар экен. Айрыкча былтыркы пандемияда Нарын облусуна кылган жардамына ыраазычылык айткандар көп болду. Сөз алып сүйлөгөн ата-апа, эже-агалар:  “Улан сен элге чын жүрөктөн каралашып келгениңди угуп, көрүп, социалдык түйүндөрдөн, гезиттердин окуп ыраазы болуп жатабыз. Кудай берген, боорукер баладан жаман депутат чыкпастыр деп сени шайлайлы деп атабыз” – деп баталарын берип узатып жатышты.  

Улан Бакасовдун шайлоо программасы, айрыкча андагы мал киндиктүү Нарын облусуна ылайык жазылган айыл-чарба көтөрүү боюнча долбоору жергиликтүү дыйкан, фермер жана адистер менен кеңешилгендей кийин даярдалганы байкалып турат. Шар аккан дарыялардын мекени болгон Нарын жергесине кичи ГЭСтерди салууда мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жеңилдиктерди берүү платформасы облустун гидроэнергетикалык ресурсун көтөрүп, экономикасына пайда алып келмекчи. 
 
Негизи эле, Башмыйзамдын акыркы вариантта депутаттын  милдеттерине анчейин деле өзгөрүү кирген жок. Алардын айрымдарына токтолсок: Жогорку Кеңеш Конституцияга белгиленген тартипте өзгөртүү жана толуктоолорду киргизет. Мыйзамдарды кабыл алат, расмий чечмелейт. Эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт, т.а. жокко чыгарат. Кыргыз Республикасынын чекараларын  өзгөртүү туура тууралуу маселелерди чечет. Республикалык бюджетти бекитет. Бюджеттин аткарылышы боюнча Министрлер кабинетинин ар жылдык отчетун угат.
 
Демек, депутаттын башкы милдети мамлекеттин экономикалык абалына, элдин жашоосуна пайда бере тургандай мыкты мыйзамдарды жазып жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө. Ал эми Аткаруу бийлигин, Өкмөттүн негизги милдети экономиканы, өндүрүштү көтөрүүдөн сырткары элдин социалдык жана инфраструктуралык маселелерин чечүү. Азыркы Башмыйзамдын арты менен  борборлоштурулган бийлик вертикалы орноду. Өз көлөкөсүнөн корккон аким, айыл өкмөттөр өз аймактарындагы социалдык проблемаларды чечкиндүү түрдө айтып чыга албашы мүмкүн. Ошондой айылдардын көйгөйлөрү он жылдап чечилбей келет. Маселен, кээ бир депутаттар мыкты мыйзам жазып, республикалык деңгээлдеги саясатчыга айланганы менен айылындагы канча жылдан бери чечилбей жаткан көйгөйлөрдү, эл өкүлү катары Өкмөттүн астына койгон эмес. Андыктан шайлоо мезгилинде өз айылдаштары, “Сен биздин райондун, айылдын эмне маселесин чечтиң” деп жарга такаган учурлар кездешет. Депутат бир эле мыйзам чыгаруучу эмес, ошол эле учурда элдин үнүн Өкмөткө жеткирген, канча жылдан бери салынбай, курулбай келе жаткан оорукана, мектеп, бала-бакча ж.б.у.с. социалдык маселелерди бюджет каралып жатканда киргизип көзөмөл кылган эл өкүлү дагы. Депутат эл аралык келишимдерди, чекараларды ратификациялайт. Бул жерде депутаттын атуулдук позициясы маанилүү. Эң профессионал, мыйзамдарды чемичкедей чакканюриспруденциянын дөө-шаалары деле Каркыра, Узөңгү-Кууш сыяктуу чекара маселесинде, “Кумтөр” ТЭЦ баштаган коррупциялык келишимдерди мамлекетке чыккынчылык кылуу менен кабыл алып беришкен. Парламент ушундай парадокстор менен коштолгон бийликтин Мыйзам чыгаруучу бутагы. 

 Андыктан, талапкер Улан Бакасовдон татыктуу депутат болот деп ишенебиз. Себеби, элди аралап жардам берип жүрүп, облуста, шаарда, кайсы айылда кандай көйгөйлөр бар экенин өз көзү менен көрүп жүрөт. Демек, аларды чечүүгө болгон дараметин жумшайт. Мыкты мыйзамдарды жазса керек, анткени экинчи кесиби юрист. Эң негизгиси элим деген намыскөй жигит. Менимче, мындай жигиттер мамлекетке зыян алып келе турчу чечимдерди колдобойт.

Семетей Талас уулу

КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбековичтин буйрутмасы боюнча. 26.11.2021-ж. Талапкердин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакасова Райхан Болотбекова тарабынан төлөндү.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter