У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча кырдаал олуттуу кооптонууну жаратууда


Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууну жаратууда. Бул тууралуу Садыр Жапаров коопсуздук кеӊешинин жыйынында билдирди.
 
«Биздин мыйзамдарга ылайык, тамак-аштын өздүк өндүрүштөгү базалык продуктулар менен биз өзүбүздү эң аз дегенде 80%га камсыз кыла алсак, азык-түлүк коопсуздугунун оптималдуу деңгээли келип чыгат. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдеги запастар бул продукттарга калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш.
 
Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, азыркы учурда Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат.
 
Өздүк өндүрүштүн эсебинен биз өзүбүздү нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу продукттар менен болгон 40%га, ал эми өсүмдүк майы менен 24%га гана камсыз кыла алабыз.
 
Агро өнөр жай комплексин натыйжасыз башкаруунун натыйжасында биз калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу бөлүгүндө биздин өлкөнүн импортко көз каранды болуу абалына туш болдук.
 
Суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык айыл чарба өндүрүүчүсүнүн алуучу түшүмүнүн көлөмүнө терс таасир тийгизүүдө.
 
Суунун жетишсиздик көйгөйүнүн натыйжасында биздин жарандар миллиондогон сом менен эсептелген зыян тартууда, үстүбүздөгү жылдын жай айында болуп өткөндөй, адамдардын аянтка митингге чыгышын күтүп отурбастан, бул маселени өз учурунда чечүүгө болот эле»,-деди президент.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter