У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда электр энергиясынын жылдык тартыштыгы эки эсеге көбөйүшү мүмкүн


Кыргызстанда жылына 3 миллиард киловатт-саат электр энергиясы жетишсиз. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, электр энергиясынын дефицити жылына 6 миллиард киловатт-саатка чейин өсүшү мүмкүн.
 
«Бишкек ЖЭБинин жабдууларынын 60 пайызы, энергетика тармагынын жабдууларынын 80 пайызы эскирген. Ошондуктан бул жаатта инвестиция жок. Чакан ГЭСтердин ролун күчөтүү керек. Кара-Кече, Сүлүктү сыяктуу көмүр кендери бар аймактарга ЖЭБ курулсун. Биз өлкөнүн энергетикалык потенциалын бекемдешибиз керек, анткени коңшулар бул багытта жигердүү иштеп жатышат», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter