У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энелердин алкышы, аталардын батасы менен... Ат-Башы жергеси талапкер Улан Бакасовду колдоп жатышат


 Боорукер жүрөгү, адал эмгеги тапкан кирешесинин жарымын эл менен бөлүшүп, акыркы 10 жыл аралыгында Нарын облусуна 100 миллион сомдон ашык жардам берип, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген Улан Бакасовдуу Теңир-Тоо жергеси чын пейилден, катуу колдоп жатышат. Туулуп өскөн Нарын шаарынын элинин калың колдоосу, ак батасы менен аттанган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Бакасов үгүт иштерин Ат-Башыда улантты.  

Көк жайык жайлоолордун, шар аккан мөлтүр суулардын мекени, келберсиген айтылуу Ат-Башы жергесиндеги алгачкы жолугушуу, кыргыз кино кереметинин бири, атактуу “Ак илбирстин тукуму” тартылган Босого жайлоосуна чукул жайгашкан Өзгөрүш айылынан башталды. Андан кийин Талды-Суу, Биринчи Май айылдарына барды. Жол Богошту суусунун этегиндеги Биринчи Май айылынан 233 обондуу ыры алтын фонддо жазылып сакталган атактуу композитор Жүмамүдүн Шералиев жана 1988-жылы Сеул олимпиадасында 400 метрлик эстафетада чуркоодо рекорд жаратып, олимпиаданын чемпиону болуп, алтын медаль тагынган, айтылуу Мария Кулчунова чыккан.

Советтер союзунун Баатыры, Дайыр Асановдун киндик тамган жери Баш-Кайыңды айылы дагы Улан Бакасовду жакшы маанай, күчтүү колдоо менен тосуп алышты.

Дайыр Асанов атабыз Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылы 23-мартта Украинанын Пятницк кыштагындагы 4 сааттан ашык сүргөн кармашта аз гана жоокерлердин башчылык кылып, жалгыз өзү немистердин 8 танкасын, 6 бронетранспортерун 40 аскерин жок кылган.  Ушул теңдешсиз эрдиги үчүн Дайыр Асанов атабыз Советтер союзунун Баатыры   деген наамды алган.
Андан кийин Ача-Кайыңды, Терек-Суу, Казыбек, Дыйкан айылдарында эл менен жолугушуулар уланды. Терек-Суу айылынан дагы бир Советтер Союзунун Баатыры чыккан Анварбек Чортеков атабыз чыккан. Атабыз 1943-жылы Днепрдин жээгинде бийиктикте жайгашкан душмандардын плацдармы үчүн болгон согушта эрдиктин чыныгы үлгүсүн көррсөткөн. Ал душмандын чабуулдарын токтотуп, 30дан ашуун гитлерчини жок кылган соң, немистер ээлеген бийиктикти багындырган. Согуш маалында мерчемдүү позициялардагы дзоттор, бийиктиктер абдан маанилүү ролду ойнойт. Ким ал жерлерге ээлик кылса, жеңиш ошол жакка оойт. Анварбек атабыздын ушул эрдиги үчүн Кремль ага Советтер Союзунун Баатыры наамын берген. 
Шайлоо, шайлоо менен, бирок баатыр аталарыбыздын улуу эрдиктерин, атактуу ага-эжелерибиздин ийгиликтерин кийинки урпактарыбыз эскере жүрүшү керек.

Айылдарда талапкер менен жолугушууга келген айыл элдери Улан Бакасовдун 10 жылдан бери калк үчүн кылган жакшы иштерин, пандемия маалында облус үчүн кылган чоң жардамын жакшы эле билишет экен. Мал киндиктүү Нарын жергесинин айыл-чарбасына ылайык жазылган программасын, облустун гидроресурстук потенциалын туура колдонуу үчүн кичи ГЭСтер тууралуу жазылган долбоорун гезиттен окуганын айтышып, жакшы маанайда тосуп алып жатты. 

“Айланайын Улан балам, өзүң Кудай деген, кайрымдуулукту көп кылган бала экенсиң. Нарын жергесине, айрыкча кыйналган үй-бүлөлөргө көп жылдан бери жардам берип келет экенсиң. Сен элге жардам берген сайын, Жараткан сага жардамын берсин. Ишиң илгерилей берсин. Былтыр пандемияда, кыйын учурда Нарын облусуна кандай жардам бергениң эсибизде. Тез жардамдарды бердиң, канчалаган концентратор тараттың. Анын баарын унутпайбыз”

“Урматтуу туугандар, ар бир адамдын өңүн көрүп, баскан изине баам салып, көңүлүң тоет. Улан балабыз   мамлекеттик жумушта иштебей, мамлекеттин акчасын уурдабай, өз мээнети менен бутка туруп, тапканын тең бөлүшүп, элге ушунча жардам кылып келиптир. Элди ойлогон, элим деген жигит экен. Ушундай бала Жогорку Кеңешке депутат болуп барса кантип элдин талабын талашпай кое алат. Уландай жигиттен кантип жаман депутат чыгат. Барган жолуң ак болуп, калкыңа ак кызмат кылып бер” – деп энелер чын пейилден алкап, аталар ак батасын берип атышты.

Улан Бакасовдун рейтинги №33 Нарын шайлоого округунда ат чабым алдыда келе жатат
Ал ортодо,  эл аралык ар кандай фонддор шайлоого анализ кылып жатышат. Алардын бири “”Кыргызстан боюнча бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин рейтингин чыгарды. 11000 киши  суралган бул сурамжылоодо, бир мандаттуу, №33 Нарын шайлоо округунан талапкер Улан Бакасовдун рейтинги (33,70%) менен биринчи орунга чыккан. Ал эми, Нарын облусундагы 32-шайлоого округунда (25,6%) Мирлан Самыйкожо, ага куйрук улаш Дамира Ниязалиева (21,20%) келе жатыптыр. Улан Бакасовдой фаворит лидерлер, 14-округдан Шаирбек Ташиев, 28-округдан Дастан Бекешов, 7-округдан Айбек Осмонов чоң айырма менен алдыга суурулуп чыгышыптыр.  
Демек, Нарын жергеси татыктуу талапкер Улан Бакасовду жаңылбай тандап жатышыптыр.

КР Жогорку Кенешинин депутаттыгына Талапкер Бакасов Улан Болотбекович буйрутмасы боюнча, 25.11.2021-ж. талапкердин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакасова Райхан Болотбековна тарабынан төлөндү




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter