У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкеринин тараткан маалыматы текшерилет


 Ыкчам чара көрүү координациялык тобу “Шола Көл” коомдук бирикмесинин директору Антонина Линин социалдык тармактардагы жарыясын текшерип жатат. Ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.
 
Антонина Линин баракчасына жарыяланган маалыматта өлкөдөгү шайлоо учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер тамак-аш, ошондой эле мал-жандыктар таратылып жатканы айтылат.
 
Ошондой эле Антонина Ли муктаж үй-бүлөлөргө 12 уй таратканын белгиледи.
 
Мындай жардамды шайлоочуларды сатып алуу катары бааласа болот. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы менен Ички иштер министрлиги текшерет.
 
Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter